Машина таануу жана автомобиль транспорту кафедрасында илимий-методикалык семинар болуп өттү

18-мартта Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Физика-техникалык факультетинин «Машина таануу жана автомобилдик транспорт» кафедрасынын илимий окуу-методикалык семинары болуп өттү. Семинарды техника илимдеринин доктору, проф. К.Ж. Зиялиев «Өзгөрмө структуралуу рычагдуу механизмдерди структуралык-кинематикалык анализдөө» деген темада илимий, кызыктуу баяндама жасады. Семинарда кафедранын бардык мүчөлөрү жана колледждин «Табигый-математикалык жана техникалык дисциплиналар» бөлүмүнүн мугалимдери да катышышты. Семинардын жүрүшүндө ар кандай суроолор берилип, кызыктуу талкуу болду жана илимий иштер менен алектенгиси келген жаш окутуучуларга илим менен иштөөсүнө шыктандырып, чоң кызыгууну жаратты.