Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенттеринин практикасы боюнча отчеттук-конференциясы болуп өттү

2021-жылдын 18-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин «Саламаттык сактоодогу информатика» профилинин 4-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу отчеттук-конференциясы болду. Конференцияга студенттер, кафедранын окутуучулары жана ЫМУнун практика боюнча жетекчиси катышты.       

Студенттер областтык саламаттык сактоо мекемелеринде өткөн практикасы боюнча маалыматты презентация түрүндө беришти. Алмазбекова А. Бишкек шаарындагы гемодиализ борборундагы, Алимов Фарид Каракол шаарындагы «Азия Мед» медициналык борборунда, ал эми калган студенттер областык бириккен ооруканасында өткөн практикасы тууралуу кеңири сөз кылып, кездешкен көйгөйлөр жана жетишкендиктерин айтып, өзүлөрүнүн ойлору менен бөлүшүштү.

Жыйынтыгында студенттердин отчетторунун негизинде баарынын практикасынын өтүшү  «эң жакшы» деп бааланды.