ЫМУнун колледжинде “Мектептер менен өз ара кызматташуу билим берүү сапатынын бирден-бир шарты” деген темада тегерек стол болуп өттү



2021-жылдын 19-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Колледжинде “Мектептер менен өз ара кызматташуу билим берүү сапатынын бирден-бир шарты” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго иш берүүчүлөр, англис тил мугалимдери жана Колледждин Чет тили адистигинин бүтүрүүчү курстарынын студенттери катышышты.

Колледждин директору, доцент Г.И. Абыласынова өз сөзүндө мектеп жана окуу жай ортосундагы кызматташуунун билим берүү системасындагы маанилүүлүгү тууралуу сөз кылды. “Билим берүү системасында Колледждин дагы, мектептин дагы максаты бир. Өзгөчө педагогикалык кадрлады даярдоодо биз тыгыз иш алып барышыбыз керек”, – деп билдирди директор. Ошондой эле, Гүлаим Изагалиевна Колледждин окутуу процессиндеги акыркы жаңылыктары жана келечекке койгон максаттары менен тааныштырып өттү.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө окутуучу З. З. Турдукеева тегерек столдун маанилүү маселеси болгон Чет тили адистигинин негизги окутуу программасы (ОПОП) жана окуу программасы менен тааныштырып, түшүнүк берди. Мектептеги башталгыч класста өтүлгөн англис тили менен жогорку класстарда өтүлгөн англис тилинин айырмачылыктары, кемчиликтери, жетишкендиктери айтылып, мектеп мугалимдери тараптан сунуштар берилип, кеңири талкууланды.

Колледждин окуу методикалык кеңешинин төрайымы Р. С. Апыкеева педагогикалык адистерди даярдоодо Педагогика, Психология, Педагогикалык чеберчилик, Психолого-педагогикалык практикум дисциплиналарынын артыкчылыктары, маанилүүлүгү жана студенттердин өтүп жаткан практикасы тууралуу маалымат берди.

Тегерек столдун жүрүшүндө мектеп мугалимдери өз кезеги менен өтүлүп жаткан практикадагы студенттердин жетишкендиктери жана көйгөйлөрү туурасында да айтып өтүштү. Көйгөйлөрдү жоюу жана билим сапатын жогорулатуу максатында окутуу методикасына жана окуу программасына өзүлөрүнүн кошумчаларын жана сунуштарын киргизишти. Практикалардын башталышында практиканттарга педагогикалык чеберчилик боюнча ар түрдүү темада мастер класстарды өтүп берүүнү убада кылышты. Тегерек столго катышып отурган студенттер дагы билим сапатын жогорулатуу, мектепте практиканын жүрүшү боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.