Түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды

2021-жылдын 23-мартында түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды. Сертификат тапшыруу аземин ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич Иманбаев ачып берип, өз сөзүндө угуучуларды курсту ийгиликтуу аякташы менен куттуктап өттү.

TÖMER түрк тилин окутуу борборунун окутуучу-волонтеру Мехмет Али Каплан 8 жаштан 50 жашка чейинки 49 угуучуну 3 группада окутту. Алардын арасында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулары, студенттери, Ысык-Көл облусунун мектеп окуучулары жана Каракол шаарынын тургундары бар.

Аталган курс Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана TÖMER түрк тилин окутуу борборунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 2019-2020-окууу жылынан баштап Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн бекер өтүлүп келе жатат.