ЫМУда STEAM Билим Кербени болуп өттү

2021-жылдын 24-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулган STEAM Билим Кербени болуп өттү. Кербен STEAM багытындагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана студенттери үчүн окутуу методикасын колдонууга кызыгууну ойготуу максатын көздөйт.

Иш-чара тренингдерден жана мастер-класстардан туруп, катышуучулар STEAM чөйрөлөрүндө: илим, технология, инженерия, математика жана көркөм чыгармачылыкта практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, катышуучулар билим берүү кластерлери, IT компаниялардын ишмердүүлүгү жана Кыргызпатенттин ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен таанышышты. Тренерлер “Текайым” коомдук фондусунун негиздөөчүсү Чигибаева Елена, Республикалык Робототехника Федерациясынын негиздөөчүсү Айдай Сабырова, ЫМУнун математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окутуучусу Жанара Кооманова, USAIDдин “Окуу Керемет” долбоору боюнча тренер Нургүл Шарапова жана Каракол шаарындагы IT Академиянын окутуучусу Жумалиев Гүлчориев болушту.

Ошондой эле, кербендин алкагында Кыргызпатенттин өкүлү ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевичке Билим кербенин ишке ашырууда жаштарды илимий, ойлоп табуучулук жана инновациялык иш-чараларга тартуудагы кызматташтыгы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.