Академиялык мобилдүүлүк – бул студенттерди же мугалимдерди белгилүү бир академиялык мезгилге башка жогорку окуу жайына, өлкө ичинде же чет өлкөдө окуу же изилдөө үчүн көчүрүү мүмкүнчүлүгү. Биздин университетте академиялык мобилдүүлүк эки негизги багытта жүргүзүлөт: студенттерди кыргызстандык өнөктөш университеттерде окутуу жана чет өлкөлүк университеттерде окутуу. Мобилдүүлүк программалары өнөктөш университеттердин ортосундагы келишимдердин алкагында ишке ашырылат. Академиялык мобилдүүлүк студенттерге, магистранттарга, жаш окумуштууларга Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин ар кайсы шаарларында жашоого, окууга, иштөөгө, машыгууга, башка маданиятты үйрөнүүгө, ар кайсы шаарлардан, өлкөлөрдөн, континенттерден дос күтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча окуу биздин студенттерге жана магистранттарга чет тилин билүү деңгээлин жогорулатууга, теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетүүгө, өлкөнү жакындан таанууга, кыргызстандык жана чет өлкөлүк теңтуштарды таанып-билүүгө мүмкүндүк берет.
Келишимдер.
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим
- Ош декларациясы – КР Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларынын биргелешкен билдирүүсү
- Ош декларациясынын академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында окутуу боюнча үч тараптуу макулдашуу – 2019
- Ош декларациясынын академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында окутуу боюнча үч тараптуу макулдашуу – 2019
- 2016-2020-академиялык окуу жылдарында “Ош Декларациясынын алкагында студенттердин ортосунда жүргүзүлгөн мобилдүүлүк боюнча маалымат
- Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу келишими
- ОшМУ менен К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу келишими
- А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу келишими
- С.Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
- К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи менен С.Нааматов атындагы НМУнун алдындагы К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум