Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясы

Жыл сайын Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын Уюштуруу жыйыны болуп өтүп турат. Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

— бүтүрүүчүлөрдүн күч-аракетин бириктирүү аркылуу университеттин коомдогу аброюн жана таанымалдыгын жогорулатуу, ИМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн корпоративдик духун сактоо;
— Ассоциация мүчөлөрүнүн ортосунда байланыштардын тутумун түзүү;
— бардык деңгээлдерде корпоративдик биримдикти чыңдоо;
— Ассоциация мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүүнүн (лоббилөөнүн) натыйжалуу механизмин ишке ашыруу;
— Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн интеллектуалдык потенциалын жана кадрларды даярдоо, кайра даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу аркылуу мүчөлөрдүн ички мүмкүнчүлүктөрүн жана бакубаттуулугун жогорулатуу;
— илимдин, өндүрүштүн жана маданияттын ар кыл тармактарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого көмөктөшүү.

Ассоциациянын негизги ишмердүүлүк багыттары:

— ИМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда өз ара байланыштарды уюштуруу жана алардын университет менен алакаларын чыңдоо;
— квалификациялуу адистерди даярдоо, социалдык интеграция механизмдерин жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдар, бизнес өкүлдөрү жана ИМУнун ортосунда байланыштарды түзүү;
— ИМУга таланттуу жаштарды тартуу;
— таланттуу студенттерди, аспиранттарды, окутуучуларды, ошондой эле илимий программаларды жана долбоорлорду колдоо;
— ИМУнун салттарын өнүктүрүү жана бекемдөө;
— тематикалык жолугушууларды өткөрүү.

Ассоциациянын Президенти Урумов Жеңишбек Букараевич (Улуттук тренер, эксперт), биринчи Вице-президент болуп Сабаева Жамалкүл Турдакуновна (Евразия элдеринин Ассамблеясынын адабий комитетинин теңтөрайымы, РФтеги кыргыз диаспорасынын коомдук ишмери), экинчи Вице-президент болуп Максүтбеков Эдил Токтобекович («Компаньон» коммерциялык банкынын жетекчисинин орун басары).

Ошондой эле Ассоциациянын Башкармалыгынын курамына университетибиздин татыктуу бүтүрүүчүлөрү.

Аткаруучу директор К.Тыныстанов атындагы ИМУнун Карьера жана практика борборунун жетекчиси Курманалиев Максат Ишенбиевич.

Байланыштар:

Аткаруучу директор – Курманалиев Максат Ишенбиевич

Адрес: 720000, Кыргыз Республикасы, Каракол ш., Абдрахманова көч, 103, каб. 220

Телефон: +996 705 20 03 81

Электрондук дарек: vypuskniki.igu@gmail.com

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациасынын уставы

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ болушат:

  • Университеттин аймагына кирүү;
  • К.Тыныстанов атындагы ИМУнун Илимий китепканасынын фонддоруна жана маалымат базаларына эркин жетүү;
  • Лекцияларга жана университеттик иш-чараларга катышуу;
  • Ассоциациянын иш-чараларына катышууда жекече шарттарга ээ болуу;
  • Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын долбоорлоруна жана иш-чараларына демөөрчү болуу мүмкүнчүлүгү.

Сизди Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрүнүн катарында көрүүгө кубанычтабыз!

Ассоциацияга мүчөлүктү университеттен же алыстан (онлайн) тариздей аласыз.

Бул үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Электрондук сурамжылоо толтуруу:
  • Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берүү.

Электрондук сурамжылоону толтуруу