ЫМУнун окутуучулары ERASMUS + программасынын «Modernization of Higher Education in Central Asia through New Technologies» (HiEdTec) долбоорунун алкагында квалификацияларын жогорулатышты

2021-жылдын 2-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУда ERASMUS + программасынын «Modernization of Higher Education in Central Asia through New Technologies» (HiEdTec) долбоорунун алкагында инновациялык билим берүү технологиялары (МКТ) боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарына катышкан окутуучулардын сертификаттарынын салтанаттуу тапшырылышы болуп өттү.

Курстар 2020-жылдын сентябрынан 2021-жылдын февралына чейин созулган. Сабактарды долбоордун 5 тренери алып барып, университеттин алты факультетинин жана колледжинин 70тен ашуун окутуучуларын даярдашты. Мугалимдер интерактивдүү доскада иштөө, презентацияларды жана видео лекцияларды даярдоо, электрондук жана дистанциялык курстарды өткөрүү, LMS Moodle элементтери жана ресурстары менен иштөө жана билим берүү контентин ЫМУнун билим берүү порталына жайгаштыруу принциптери жана технологиялары менен таанышышты.

Окуу процессинде HiEdTec долбоорунун алкагында атайын иштелип чыккан маалыматтык жана методикалык колдонмолор жана Болгариянын Русе университетинин координациялык университетинин виртуалдык китепканасы колдонулган. ( https://hiedtec.ecs.uni-ruse.bg/index.php?cmd=cmsPage&pid=38. )

Ал эми практикалык сабактарда окутуучулар moodle.iksu.kg порталы менен иштегенди үйрөнүп, жыйынтыгында өзүлөрүнүн дистанциондук курстарын иштеп чыгып, moodle.iksu.kg порталына жайгаштырышты.