Tazar экологиялык уюмунун SMM адиси онлайн лекция өттү

2021-жылы 15-апрелинде Жашыл экономика жумалыгынын алкагында Тазардын SMM адиси Анапия Касымбекова Бишкек шаарындагы жана аймактардагы таштандылар, таштандыларды кабыл алуу пункттары жөнүндө онлайн-лекция окуду. Ал негизинен “Тазар” экологиялык уюму, шаар тургундарын кайра иштетүүчү / материалдарды жыйноочулар менен байланыштырган Tazar app тиркемеси жөнүндө айтып берди. Анапия тиркеменин функциялары менен тааныштырып, иштин натыйжалары менен бөлүштү.