ЫМУнун студенттери эана окутуучулары Карасаев–Пржевальский мемориалдык музей комплексинин аймагын ирээтке келтиришти

2021-жылдын 16-апрелинде К.Карасаевдин 120 жылдыгынын жана ERASMUS + программасынын EGEA долбоорунун Жашыл экономика жумалыгынын алкагында, ЫМУнун бардык факультеттеринин окутуучулары жана студенттери Карасаев–Пржевальский мемориалдык музей комплексинин аймагын ирээтке келтиришти. Үч сааттын ичинде тийиштүү аймакты тазалап, компост даярдашты. Органикалык жер семирткичти табигый илимдер кафедрасынын студенттери жана окутуучулары үйдөн жасалган ачыткы жана сатылып алынган Биолигнин биологиялык өнүмү менен, өзүлөрү атайын чуңкурда даярдашты.


Музей-мемориалдык комплекстин директору З.Камбарова ЫМУнун кызматкерлерине музей комплексинин аймагын тазалоого жардам берүү демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирип, студенттер үчүн Х.Карасаев жана Н.Пржевальский музейине экскурсия уюштурду.

Жалпысынан ишембиликке 100дөн ашуун студент жана 20 мугалим катышты.


Каракол шаарынын мэриясына транспорт менен камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.