Жашыл экономика жумалыгынын жыйынтыктары чыгарылды

16-апрелде ERASMUS + программасынын “Азиянын үч өлкөсүндө: Индия, Кыргызстан, Непалда жашыл экономиканы чыңдоо” (EGEA) долбоорунун алкагында уюштурулган “ЫМУ “жашыл” келечек үчүн!” аталыштагы Жашыл экономика жумалыгынын жыйынтыктары чыгарылды. Окуу иштери боюнча проректор Б.И.Атыгаев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы И.Ж.Иманакунова бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, “Жашыл Каракол” сынагынын жеңүүчүлөрүнө (студенттер арасында) дипломдорду жана белектерди тапшырышты.

Ошондой эле, GreenLab IKSU ыктыярчыларына Жашыл экономика жумалыгын уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.


Бирок университетте жана аймакта “жашыл” экономиканы жайылтуу ушуну менен эле токтоп калбастан, жаңы баскычка кадам таштады.

Студент жеңүүчүлөрдү кийинки жумада куттуктайбыз.