ЫМУнун колледжинин студенти Азия чемпионатынын тандоо турунда байгелүү I орунду камсыз кылды

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин КТ-21 тайпасынын студенти Усупкожоев Кутман 2021-жылдын 11-13-апрелинде Балыкчы шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча 61кг. салмакта Азия чемпионатынын тандоо турунда байгелүү I орунду камсыз кылып, чемпиондук бел курдун ээси аталды. Ушул жылдын июль айында Чолпон-Ата шаарында боло турган Азия чемпионатына жолдомо алды. Бүгүн Кутман машыктыруучусу Субанов Медер агайы менен өзү окуган окуу жайдын ректорунун жеке кабыл алуусунда болуп, ийгилиги менен тең бөлүштү.

Окуу жайдын ректору Иманбаев Аскарбек Асангазиевич Кутмандын жетишкен ийгилиги менен кызуу куттуктап, Азия чемпионатында чоң ийгилик жаратаарына ишеним билдирүү менен бирге материалдык жардам көрсөтөрүн убада кылды.