ЫМУнун колледжинде “Зордук зомбулукка жол жок” аталышындагы тарбия берүүчүлүк багыттагы иш чара уюштурулду

2021-жылдын 20-апрелинде колледждин окутуучусу Таалайкүл Каниметовна Эшиева жана КПОВ-01, БД-01, БиЭ-01, ТО-01 тайпаларынын студенттери “Зордук зомбулукка жол жок” аталышындагы тарбия берүүчүлүк багыттагы иш чара өткөрүштү. Мыкты даярдалган сценка, видеороликтер, автордук ырлар, интервьюлар коштолду. Иш чарага проректор Бакыт Исаевич Атыгаев жана ИИМ кызматкерлери катышышты.