ЫМУда орус тили декадасы болуп өттү

2021-жылдын 23-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окуу залында 13-апрелден 23-апрелге чейин созулган, Ф.М.Достоевскийдин 200 жылдыгына арналган орус тили декадасынын жабылыш аземи болуп өттү. Программада “Жизнь задыхается без цели ” (көркөм окуу конкурсу),
“Красота русского слова” (дубал гезитинин плакаты конкурсу), “Красота спасет мир” (дилбаяндар сынагы) номинациялары камтылды. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу конкурс онлайн режиминде өткөрүлдү. Сыйлыктарды тапшыруу аземине сынактардын жеңүүчүлөрү чакырылып, аларга ЫМУнун ректору А.А.Иманбаев дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле, Орус филология кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган “Кылмыш жана жаза” видео көрсөтүүсү көрүлдү.

Мындан сырткары, 23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнү болгондуктан, катышуучулар китептердин жашообуздагы мааниси жөнүндө сөз кылышты. Белгилей кетсек, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга ылайык өткөрүлдү.

Иш-чаранын уюштуруучусу – орус тили жана адабияты кафедрасы