ЫМУнун Колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу”, жана ” Чет тили” адистигинин 1-2-курстарынын студенттеринин педагогикалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы

2023-жылдын 3-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу”, жана ” Чет тили” адистигинин 1-2-курстарынын студенттеринин педагогикалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Студенттер ” Жаңы теманы жаңыча формада түшүндүрүү”, ” Өтүлгөн сабакты бышыктоонун” элементтерин сабак понарамаларын көрсөтүп, музыканын коштоосунда сабак бышыктоо оюндарын, инсценировкаланган жомок аркылуу өз чеберчилиги менен көрсөтө алышты. Конференциянын жыйынтыктоо бөлүгүндө болочок кесип ээлери окуучуларга билим жана тарбия берүүдө мугалимдин ар дайым чыгармачылык менен эмгектенүүсү керек экендигин, мугалимдик кесип – сыймыктуу кесип экендигин белгилеп кетишти.