Билим берүүнүн сапатын башкаруу бөлүмү

Бөлүмдүн кызматкерлери

Бөлүм жетекчиси – Акмолдоева Сайрагүл Бородоевна

Методист- Мамбетова Кульмира Асеиновна

  • Дарек: ул. Абдрахманова, 103    II корпус ИГУ, каб.№ 218
  • Тел.: +996 3922 52690
  • Почта: ouko@iksu.kg

Билим берүүнүн сапатын башкаруу бөлүмү университеттин ишмердүүлүгүнө ар тараптуу баа берүү үчүн билим берүүнүн сапаты системасынын иш жүзүндөгү абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону, андагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө өз убагында талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле жол-жоболорду даярдоону уюштурууну камсыздоочу университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Бөлүмдүн негизги милдеттери:

Эл аралык стандарттар системасынын негизинде университеттин сапат менеджмент системасын түзүү.

Сапат тармагында ЫМУнун миссиясын жана саясатын ишке ашырууга салым кошуу.

Сапатты башкаруу системасынын эффективдүү иштешин камсыз кылуу, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча университеттин бардык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди өз убагында пландаштыруу, координациялоо, методикалык камсыздоо жана контролдоо.

Сапатты башкарууну көзөмөлдөө боюнча бардык зарыл чараларды уюштуруу жана натыйжалуу ишке ашыруу, алардын натыйжалары боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган түзөтүүчү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү.

Сапатты башкаруу чөйрөсүндөгү заманбап тенденцияларга ылайык билим берүүнүн сапат башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иштерди уюштуруу.

Билим берүүнүн сапатын башкаруу бөлүмү университеттин ишмердүүлүгүнө ар тараптуу баа берүү үчүн билим берүүнүн сапаты системасынын иш жүзүндөгү абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону, андагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө өз убагында талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле жол-жоболорду даярдоону уюштурууну камсыздоочу университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Бөлүмдүн тарыхы:

ЫМУнун билим сапатын көзөмөлдөө бөлүмү 2003-жылдын ноябрь айында ЫМУнун ректорунун буйругу менен түзүлгөн (Негизи: КР ББИМ 2003-жылдын 19-майындагы №399/1 буйругу) А.Т. Бейрманов бөлүмдүн башчысы болуп дайындалган.

Кийинки жылдары бөлүмдү жетектегендер: педагогика илимдеринин доктору, профессор Дюшеева Н.К., п.и.к., доцент Абдулдаев Д.А., Сартбаев Э.К., Бегалиев Д.К., Такырбашева Ж.А. , Макешов А.Д., Токбергенова М.А.

2018-2019-окуу жылында бардык окуу жайлары үчүн программалык аккредитациядан өткөндүгүнө байланыштуу бөлүм «Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана аккредитация» (ОККОА) болуп өзгөртүлдү.


2021-жылы университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүн оптималдаштыруудан кийин “Билим берүүнүн сапатын башкаруу бөлүмү” (ББСББ) болуп өзгөртүлгөн.


Жобо ББСББ Көрүү

План ББСББ 2023-2024 окуу жылыКөрүү