ЫМУнун колледжинин студенти Азия чемпионатынын тандоо турунда байгелүү I орунду камсыз кылды

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин КТ-21 тайпасынын студенти Усупкожоев Кутман 2021-жылдын 11-13-апрелинде Балыкчы шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча 61кг. салмакта Азия чемпионатынын тандоо турунда байгелүү I орунду камсыз кылып, чемпиондук бел курдун ээси аталды.

ЫМУнун колледжинде “Зордук зомбулукка жол жок” аталышындагы тарбия берүүчүлүк багыттагы иш чара уюштурулду

2021-жылдын 20-апрелинде колледждин окутуучусу Таалайкүл Каниметовна Эшиева жана КПОВ-01, БД-01, БиЭ-01, ТО-01 тайпаларынын студенттери “Зордук зомбулукка жол жок” аталышындагы тарбия берүүчүлүк багыттагы иш чара өткөрүштү. Мыкты даярдалган сценка, видеороликтер, автордук ырлар, интервьюлар коштолду.

Жашыл экономика жумалыгынын жыйынтыктары чыгарылды

16-апрелде ERASMUS + программасынын “Азиянын үч өлкөсүндө: Индия, Кыргызстан, Непалда жашыл экономиканы чыңдоо” (EGEA) долбоорунун алкагында уюштурулган “ЫМУ “жашыл” келечек үчүн!” аталыштагы Жашыл экономика жумалыгынын жыйынтыктары чыгарылды. Окуу иштери боюнча проректор Б.И.Атыгаев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы И.Ж.Иманакунова бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, “Жашыл Каракол” сынагынын жеңүүчүлөрүнө (студенттер арасында) дипломдорду жана белектерди тапшырышты.

ЫМУнун студенттери жана окутуучулары Карасаев–Пржевальский мемориалдык музей комплексинин аймагын ирээтке келтиришти

2021-жылдын 16-апрелинде К.Карасаевдин 120 жылдыгынын жана ERASMUS + программасынын EGEA долбоорунун Жашыл экономика жумалыгынын алкагында, ЫМУнун бардык факультеттеринин окутуучулары жана студенттери Карасаев–Пржевальский мемориалдык музей комплексинин аймагын ирээтке келтиришти. Үч сааттын ичинде тийиштүү аймакты тазалап, компост даярдашты.

“Tazar” экологиялык уюмунун SMM адиси онлайн лекция өттү

2021-жылы 15-апрелинде Жашыл экономика жумалыгынын алкагында Тазардын SMM адиси Анапия Касымбекова Бишкек шаарындагы жана аймактардагы таштандылар, таштандыларды кабыл алуу пункттары жөнүндө онлайн-лекция окуду. Ал негизинен “Тазар” экологиялык уюму, шаар тургундарын кайра иштетүүчү / материалдарды жыйноочулар менен байланыштырган Tazar app тиркемеси жөнүндө айтып берди.

“Азыр жаштар китеп окуйбу” деген темада тегерек стол болуп өттү

ЫМУнун колледжинин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Наргиза Сулайманова “Азыр жаштар китеп окуйбу” деген темада тегерек стол уюштурду. Тегерек стол абдан кызыктуу өттү. Инновация жана IT технологиянын өнүккөн заманында жаштар китеп окууга эмес, көп убактысын социалдык тармактар менен өткөрүп жатышат.

ЫМнун профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери ишембиликке чыгышты

КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 19-мартында №142 тескемесине ылайык, “жашылдандыруунун үч айлыгынын” алкагында, бүгүн К.Тыныстанов атындагы ЫМнун профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери ишембиликке чыгышты. Өлкөдөгү санитардык-эпидемиялогиялык кырдаалды эске алып, аралыкты туура сактап, эрежеге ылайык иш алып барылды.

Жашыл экономика жумалыгынын алкагында Ботаникалык бакта ишембилик уюштурулду

2021-жылдын 15-апрелинде ЫМУнун студенттери жана окутуучулары ERASMUS + программасынын EGEA долбоорунун алкагында уюштурулган Жашыл экономика жумалыгынын төртүнчү күнүндө Каракол шаарынын Ботаникалык багында ишембилик уюштурушту. Иш-чаранын катышуучулары кургак жалбырактарды жана бутактарды чогултуп, алардан атайын чуңкурларга компост даярдашты.

Жашыл экономика жумалыгынын алкагында “Жашыл экономикага өтүүдөгү ЖОЖдордун ролу” темасында тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 14-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУда ERASMUS + программасынын EGEA долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан жашыл экономика жумалыгынын 3-күнүндө ““Жашыл” экономикага өтүүдө ЖОЖдордун ролу ”деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго окуу иштери боюнча проректор Ж.Ш.Токтакунов, Физика жана электр менен камсыздоо кафедрасынын ага окутуучусу З.В.Дөкөнбаев, колледждин, физика-техникалык факультетинин окутуучулары жана EGEA долбоорунун жумушчу тобу катышты.

ЫМУнун студенттери жана окутуучулары бала бакчанын тарбиялануучуларына таштандыларды бөлүштүрүүнү үйрөтүштү

2021-жылдын 14-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жашыл экономика жумалыгынын алкагында, ERASMUS + программасынын “Азиянын үч өлкөсүндө: Индия, Кыргызстан, Непалда жашыл экономиканы чыңдоо” (EGEA) долбоорунун жумушчу тобу GreenLab IKSUнун ыктыярдуу студенттери менен жаш муундардын арасында таштандыларды бөлүштүрүү боюнча аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу максатында Каракол шаарынын №3 жана №13 бала бакчаларында болушту.