Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенттеринин практикасы боюнча отчеттук-конференциясы болуп өттү

2021-жылдын 18-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин «Саламаттык сактоодогу информатика» профилинин 4-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу отчеттук-конференциясы болду. Конференцияга студенттер, кафедранын окутуучулары жана ЫМУнун практика боюнча жетекчиси катышты.

Машина таануу жана автомобиль транспорту кафедрасында илимий-методикалык семинар болуп өттү

18-мартта Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Физика-техникалык факультетинин «Машина таануу жана автомобилдик транспорт» кафедрасынын илимий окуу-методикалык семинары болуп өттү. Семинарды техника илимдеринин доктору, проф. К.Ж. Зиялиев «Өзгөрмө структуралуу рычагдуу механизмдерди структуралык-кинематикалык анализдөө» деген темада илимий, кызыктуу баяндама жасады.

ЫМУ менен ЖАМУ конок лекцияларды уюштурууда

2021 -жылдын 18-мартында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун Башталгыч билим берүү адистигинин жана ЫМУнун алдындагы колледжинин студенттерине Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, п.и.д. Сакиева Сайипжамал Салайдиновна “Башталгыч класста эне тилин окутуунун актуалдуу проблемалары” деген темада конок-лекция окуду.

ЫМУнун бүтүрүүчүлөрү студенттерге конок лекция өтүштү

2021-жылдын 17-мартында ЫМУнун Экономика жана туризм факультетинин “Финансы жана кредит” жана “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү, азыркы учурда Капитал банктын кызматкерлери Керимкулова Нурзат жана Зарылбаева Гульнура экономика жана туризм факультетинин студенттерине “Финансылык сабаттуулук” темасында лекция өтүштү.

Немец тили боюнча китептердин презентациясы болуп өттү

2021-жылдын 17-мартында орус филология жана чет тилдер факультетинде Алматыдагы Гёте-Институту тарабынан берилген немец тили боюнча китептердин презентациясы болду.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү

2021-жылдын 15-мартында Ата-эне, студент жана мугалим байланышын чыңдоо максатында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледждинин бүтүрүүчү курстарынын ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жыйында колледжин директору Г.И Абыласынова ата-энелерге колледждин миссиясын жана алдыга койгон максаттарын кеңири айтып берди. 

Түркиянын белгилүү жазуучу, адабиятчы жана фольклор таанучусу проф. д-р Хайреттин Ивгин Мырзанын “Манас-Алтай тоолорунун арстаны” романынын бет ачары болуп өттү

2021-жылдын 15-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Манас кабинетинде” Түркиянын белгилүү жазуучу, адабиятчы жана фольклор таанучусу проф. д-р Хайреттин Ивгин Мырзанын “Манас-Алтай тоолорунун арстаны” романынын бет ачары болуп өттү. Автор романдын үстүндө 40 жылдан ашуун эмгектенип, изилденип жазган.

Түркиянын жазуучусу проф. д-р Хайреттин Ивгин Мырза ЫМУга иш сапары менен келди

2021-жылдын 15-мартында Түркиянын белгилүү жазуучу, адабиятчы жана фольклор таанучусу проф. д-р Хайреттин Ивгин Мырза, “Хажи Бекташ” маданий борборунун төрагасы Мустафа Өзживан Мырза жана мамлекеттик ишмер Айхан Насухбейоглу Мырза “Манас – Алтай тоолорунун арстаны” китебинин бет ачарынын алкагында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич жана окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович менен жолугушту.

Каракол шаарынын мэриясында “Улуттук баалуулукту унутта калтырба” темасында тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 12-мартында Каракол шаарынын мэриясында 21-март Нооруз майрамына карата “Улуттук баалуулукту унутта калтырба” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ф.и.д., профессор Дунканаев Абдыкалык Токтогулович “Улут болсом тилим менен улутмун” деген темада доклад окуду.

Акын, жазуучу Мусакун Сатыбалдиевге сыйлык тапшыруу аземи

2021-жылдын 11-мартында акын, жазуучу Мусакун Сатыбалдиев “Международная академия русской словесности” уюмуна жана “Россия Жазуучулар союзуна” мүчө катары кошулуп, ошону менен бирге “Россия жазуучулар союзунун” “Есениндик алтын медалына” ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болуп өттү.