К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү

2021-жылдын 15-мартында Ата-эне, студент жана мугалим байланышын чыңдоо максатында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледждинин бүтүрүүчү курстарынын ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жыйында колледжин директору Г.И Абыласынова ата-энелерге колледждин миссиясын жана алдыга койгон максаттарын кеңири айтып берди. Колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары Ж.У. Касымбекова студенттердин окуудагы жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу жана колледждин практика жетекчилери, окуу планына ылайык, учурда өтүлүп жаткан жана азыркы убакка чейин өтүлүп бүткөн практика боюнча да маалымат беришти. Жыйындын жүрүшүндө ата-энелер өзүн кызыктырган суроолорду берип, колледж жөнүндө, андан ары билимин улантып жогорку билим алуунун зарылдыгы тууралуу кенен маалымат ала алышты. Баарлашуу абдан кызыктуу өтүп, колледж менен тыгыз байланышта активдүү иш алып барган, мыкты студенттердин ата-энелерине ыраазычылык кат тапшырылды. Жыйынтыгында ата-энелер колледждин бөлүм башчыларына жана окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.