Касым Тыныстанов атындыгы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде Кыргыз Эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жумалык бүгүн 12-декабрда жыйынтыкталды. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз, орус, англис тилдеринде окуу жайыбыздын китепканасында жаңырды. «Биз дүйнѳнү ѳзгѳртѳбүз, дүйнѳ бизди ѳзгѳртѳт» дегендей студенттерибиз улуу жазуучубуздун чыгармаларын аткаруу аркылуу кѳз карашын ѳзгѳртүп, дүйнѳ таанымын кеңейтти деп ишенебиз. Жумалыктын алкагында ѳзгѳчѳ образдарды жаратып, ролдорду мыкты аткарган студенттерибиз сыйланышат.

Оставьте комментарий