«Canva, ментиметр, Kahoot жана Google сурамжылоо менен иштегендин негиздери» темасында тренинг.

18-19-апрель күндөрү ЫМУнун #Digikonush санарип көндүмдөр борборунда «Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү» кафедрасынын окутуучулары Наматова Э. жана Каныбекова А. Педагогика факультетинин профессордук-окутуучулук курамына «Canva, ментиметр, Kahoot жана Google сурамжылоо менен иштегендин негиздери» темасында тренинг өткөрүштү…

«Тилим менин тирегим» аттуу тарбиялык иш-чара.

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Физика-математикалык жана табигый-техникалык” факультетинин «Информатика жана эсептөө техникасы» багытында билим алып жаткан ПО-31 группасы куратору А.Т.Джумабаева жана ПО-21 группасы куратору М.С. Шергазиеванын студенттеринин арасында «Тилим менин тирегим» аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү…

Универсиадада дзюдо боюнча болгон мелдеште ЫМУнун командасы 3 орунга ээ болду.

2023-жылдын 16-апрель күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан жаштар арасында дене тарбия менен спортту кенен жайылтуу жана өнүктүрүү максатында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн уюштурулган Универсиадада…

«Табигый-илимий сабаттуулук» боюнча семинар.


23-жылдын 15-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун #DigiKonush санарип көндүмдөр борборунда Ысык-Көл облусунун мектеп жетекчилери жана табигый сабактар боюнча мугалимдер үчүн «Табигый-илимий сабаттуулук» боюнча семинар өттү.Тренерлер: Абылова Н. жана Женишбек уулу Жолдош.

КРнын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге лекция окуду.

2023-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге лекция окуду. Каныбек Иманалиев өз лекциясында билимдин маанилүүлүгү, Кыргыз иденттүүлүгүндөгү Жети Акенин орду жана башка маселелерге токтолду.Ошондой эле ЫМУнун студенттик “Жалын” элдик театрынын студенттери тарабынан Жети Аке тууралуу чакан сахналаштырылган сценка коюлду.

Страницы ( 10 из 88 ): « Предыдущая1 ... 89 10 1112 ... 88Следующая »