Долбоорлор

Кулактандыруу

Бардык кулактандыруулар…

Жаңылыктар

ЫМУнун колледжинин окутуучусу тажрыйба алмашуу максатында Мухтар Ауэзов атындагы түштүк-казак университетине барып келди

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин окутуучусу Турукбаева Аида Канатбековна 2021-жылдын 19-апрелден-5-майга чейин Мухтар Ауэзов атындагы түштүк-казак университетине тажрыйба алмашуу максатында барып келди. 23-апрелде Теория и методика дошкольного и начального обучения кафедрасы тарабынан уюштурган «Проблемы начальной школы: настоящее и будущее» аттуу тегерек столго…

«Энактус Кыргызстандын» менеджери ЫМУнун студенттери менен кезикти

7-майда Enactus Kyrgyzstan программасынын менеджери Камила Чурукова ЫМУга иш сапары менен келип, Enactus сынагына катышкан студенттер менен жолугушту. Ал Enactus Kyrgyzstan программасынын ишмердүүлүгү, баалуулуктары жана мелдештерге даярдануу процесси жөнүндө айтып берди.

ЫМУнун базасында “Мамлекеттик кызматкерлер үчүн маалыматтык технологиялар” семинар-тренинг болуп өттү

2021-жылдын 6-7-майында Ханнс Зайделдин фондунун стипендиаты А.Сарбанова К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунун муниципалдык кызматкерлери үчүн “Мамлекеттик кызматкерлер үчүн маалыматтык технологиялар” окуу семинарын уюштурду.

Магистранттардын магистрдик диссертациясын алдын ала коргоосу болуп өттү

2021-жылдын 6-майында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Педагогика багытынын (550700) «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистигинин МП-2 тайпасынын магистранттарынын магистрдик диссертациясын алдын ала коргоосу болуп өттү. Конференцияны Башталгыч билим берүү кафедрасы уюштуруп, илимий жетекчилер, доцент Т.Байтикова, доцент Ч.Курманалиева, доцент Н.Акматовдор катышышты. Кафедра башчысы доцент Т.Байтикова 15-июнда мамлекеттик аттестациялоо башталып, комплексттик экзамен тапшыруу жана магистрдик диссертациялык ишти коргоо тартиби боюнча маалымат берди.

Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесине жана Эгемен Кыргызстандын 30 жылдыгына арналган “Казат Акматов – улуттун чыгаан уулу, адабияттын орошон өкүлү” илимий коференциясы болуп өттү

2021-жылдын 6-майында Чолпон-Ата шаарында кыргыз эл жазуучусу, драматург, публицист, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын (КДК) тең төрагасы Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесине жана Эгемен Кыргызстандын 30 жылдыгына арналган “Эгемен Кыргызстандын жарчысы” аттуу көргөзмөнүн ачылышы жана “Казат Акматов – улуттун чыгаан уулу, адабияттын орошон өкүлү” илимий коференциясы болуп өттү.

Pages ( 1 of 8 ): 1 23 ... 8Следующая »