Студенттик жашоо

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда  жогорку билим алуу, келечектеги турмуш жолун аныктоо жана илим дүйнөсүнө аралашуу максатында Ысык-Көл аймагынын жаштары гана эмес, республиканын бардык аймактарынан, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген жаштар да билим алып жатышат.

80 жылга жакын тарыхка ээ окуу жайда өзүн-өзү башкаруу принциптеринин негизинде ипш жүргүзгөн көз карандысыз студенттик союз уюшулган.  Бул уюм студенттердин мыйзамдуу   укуктары жана кызыкчылыктарын коргоо менен, өз ишмердигин университеттин жетекчилиги жана ар бир студенттин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде алып барат.

 

  
  

К.Тыныстанов ат. ЫМУнун Студенттик  союзу – студенттердин ыктыярдуу, өзүн-өзү башкаруучу, көз карандысыз  коомдук  бирикмеси, ал  студенттик турмушту башкарууга  жана студенттердин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого активдүү көмөктөшүү, студенттердин окууга, эмгекке, турмуш-тиричиликке, эс алууга, чыгармачыл потенциалын ишке ашырууга болгон талап-керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган иштерди алып барат. Студенттик союздун негизги милдеттери – студент жаштарда  атуулдук, интернационализм жана Кыргызстандын жарандарынын биримдиги сезимдерин тарбиялоо;  К.Тыныстанов ат. ЫМУнун студенттеринин кызыкчылыктарын туюндуруу, укуктары менен эркиндиктерин коргоо; студенттердин дүйнөтаанымын жана өзүнүн интеллектуалдык дараметин ишке ашыруу  жөндөмүн өнүктүрүү;  студенттер арасында сергек жашоо образын жана  экологиялык дүйнөтаанымды жайылтуу; студенттерди алган билимдеринин сапатын жогорулатууга мобилдештирүү; аң-сезимдүү улуттук интеллигенцияны калыптандырууга, улуттун  интеллектуалдык дараметин жаңылоого жана байытууга, анын рухий элитасын тарбиялоого, маданий дараметти көбөйтүүгө көмөктөшүү; студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу максатында «Толкун» маданий-эстетикалык борборунун ишмердигине көмөктөшүү; муктаж болгон студенттерге социалдык колдоо көрсөтүү; Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жаштар уюмдары, коомдук жана бейөкмөт уюмдары менен  кызматташуу.

Студенттик элдик «Жалын» театры  республикадагы саналуу элдик театрлардын бири экендигин сыймыктануу менен белгилөөгө болот.  Бул театрдын чыгармачыл жамааты жаштар үчүн тарбиялык-таанытуучулук  мааниге ээ болгон пьесаларды сахналаштырып, студенттерге жана областтын жаштарына тартуулап келүүдө.

Университеттин алдыңкы, активдүү студенттери  республикалык жана эл аралык илимий-практикалык жана илимий-теориялык конференцияларга докладдар менен катышып келишет. Ошондой эле окуу жайдын студенттери башка өлкөлөрдө стажировкалардан өтүү, семинарларга жана тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.