Индия программасы

ITEC (Индиянын техника жана экономика багыттарда кызматташуу программасы). Индия өкмөтү каржылаган жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү, тажрыйба алмашууну, долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну өнүктүрүүгө багытталган эл аралык стипендиялык программа. Ош МУнун окутуучулары проекттин кызматынан 2010-жылдан бери жигердүү пайдаланып келишүүдө. Ушул мезгилге чейин 50га жакын окутуучу Индиянын ар кайсы шаарларындагы университеттерде стажировкадан өтүп, саякаттап келишти. Окуу, тажрыйба алмашуу мөөнөтү 2 жумадан 3 айга чейин. Каттоо он-лайн режиминде анкета толтуруу аркылуу ар жылы сентябрь айынан декабрь айына чейин жүргүзүлөт. Тандалып алынган катышуучулар өздөрүнө ыңгайлуу мезгилди тандап барып келишет жана ай сайын 25 миң сомго чейин стипендия алып турушат.